Казакстандын кайра жанма энергия булактарынан электр энергиясын өндүрүү өткөн жылы 21% өстү

Казакстандын кайра жанма энергия булактарынан электр энергиясын өндүрүү өткөн жылы 21% өстү

Альтернативдик электр энергиясынын кубаттуулугу болжол менен 2500 МВтка жетти. Бул 2021-жылга салыштырмалуу дээрлик 19%га көп. 2017-жылга салыштырмалуу көрсөткүч 7 эсеге өскөн. Мындай маалыматтарды энерджипром.kz сайты билдирди. Көлөмдүн көпчүлүгү күн электр станцияларына туура келген – 1,1 миң МВт. Андан кийин шамал станциялары - 958 МВт. Чакан ГЭСтердин кубаттуулугу 280 МВт, биоэлектр станцияларынын кубаттуулугу 1,8 МВт болгон. 2022-жылдын үчтүн айы-бештин айларындагы альтернативдик энергия булактары боюнча электр энергиясын өндүрүү 5 миллиард кВт сааттан ашыкты түздү.

Электр энергиясынын үлүшүнө келсек, ал өндүрүштүн жалпы көлөмүндө 4,5%ды түзгөн. 2026-жылга чейин бул көрсөткүч 7%, 2030-жылга чейин 10%га жетиши керек. bp.com порталынын маалыматы боюнча, 2021-жылы дүйнөдө энергиянын кайра жанма булактары тарабынан электр энергиясын өндүрүү 3,7 триллион кВт саатка жеткен. Электр энергиясынын басымдуу бөлүгү Азия-Тынч океан аймагында өндүрүлгөн. Электр энергиясын өндүрүү эң аз КМШ өлкөлөрүндө катталган. Бул жерде өндүрүш боюнча Орусия лидер болгон. Экинчи орунда Казакстан турат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков