Президент «Казакстан калкына» фондунун төрагасын кабыл алды. Болот Жамишев фонддун иши тууралуу айтып берди. Алсак, үч жылдын ичинде 230 миллиард теңгеге 103 кайрымдуулук долбоору каржыланган. Атап айтканда, каражаттар оор дартка чалдыккан бейтаптарды дары-дармек менен колдоого, онкологиялык борборлор жана балдардын нейрохирургиялык кызматтары үчүн заманбап жабдууларды сатып алууга, аймактарда реабилитациялык клиникаларды жана ооруканаларды ачууга багытталды. Фонддун жардамы менен 135 айылдык мектеп жаңыланып, спорт залдар курулуп, жабдылды. Ал эми 3 миңден ашык студентке грант берилди. Албетте, фонд 600 дөн ашуун үйдүн курулушун каржылап, суу каптоодон жабыр тарткандарды колдоодон четте калган жок. Касым-Жомарт Токаев «Казакстан калкына» фондунун ишин жогору баалап, жарандык коом менен стабилдүүлүктү өнүктүрүүдө кайрымдуулуктун маанилүү ролун баса белгиледи.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

