Импорттук товарлардын эл аралык көргөзмөсүнө казакстандык продукциялар коюлду

Импорттук товарлардын эл аралык көргөзмөсүнө казакстандык продукциялар коюлду

5-Кытай Эл аралык импорттук товарлар көргөзмөсүндө Казакстандын 25 ишканасы өз продукциясын көрсөтүштү. Бул ата мекендик ишканалардын сүт, ун, тартуу, кондитердик жана макарон азыктары. Өлкөбүздүн соода жана интеграция министри Серик Жумангарин белгилегендей, иш-чара казакстандык бизнес үчүн Кытайда өнөктөштөрдү табуу үчүн эффективдүү аянтча бойдон калууда. Эске салсак, көргөзмөгө дүйнөнүн 145 өлкөсүнөн жана аймактарынан ишканалар жана уюмдар катышууда. Дүйнөдөгү эң ири 500 компаниянын тизмесине кирген 284 компания өз продукциясын көрсөтүүдө. Экспозиция жумушу жетинин айынын 10уна чейин уланат.

Набира Жумабекова, Казакстандын тышкы соода палатасынын өкүлү:

Быйыл көргөзмөгө өлкөнүн 25 ишканасы катышууда. Алар бул жерге көбүнчө жергиликтүү кардарлар тарабынан суроо-талапка ээ болгон жаңы продукцияларды коюшкан.

Которгон: Илгиз Жамалбеков