Казакстан өзөктүк материалдарды сактоо үчүн коопсуз деп табылды. 2017-жылы өлкө аймагында аз байытылган уран банкы түзүлдү. Өлкө мындан туура 30 жыл мурун Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин толук кандуу мүчөсү болгон. Дал ушул окуяга байланыштуу борбор калаанын президенттик борборунда серепчилердин, окумуштуулардын жана бир катар чет элдик уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда атайын эл аралык конференция уюштурулду. Адистер өлкөнүн глобалдык антиядролук кыймылды өнүктүрүүдөгү демилгелеринин тарыхый маанисин жана тынчтык атомун колдонуу дараметин талкуулашты. Ошентип, АЭСти куруу аркылуу Казакстан энергетикалык коопсуздугун күчөтөт жана көмүр кычкыл газынын бөлүнүп чыгышын азайтат. Бул үчүн мамлекет өзөктүк технологияларды жеткирүүчү 4 компания менен ар тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшү керек. Ошол эле учурда Казакстандын бир катар талаптары бар. Албетте, биринчи кезекте коопсуздук жана экономикалык натыйжалуулук эске алынат.
Гумар Сергазин, энергетика министрлиги атом энергетикасы жана өнөржай департаментинин мүдүрү:
– Бүгүнкү күндө бизге документалдуу курулуш токтому керек. Башкача айтканда, атомдук станциянын өзү жайгашкан жерди белгилөө зарыл. Андан кийин анын курулушуна тартыла турган өлкөнү аныктоо жана өкмөттөр аралык макулдашууга кол коюу процедурасы турат. Андан кийин өзүнчө келишим түзүлөт жана долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыгат. Мындан тышкары, долбоордук-сметалык документтер түзүлөт. Серепчилик иш өзүнчө. Ага чейин айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин баалоо зарыл. Экологиялык талаптардын алкагында коомдук угуулар курулуштун өзүн эске алып, 2035-жылга чейин эки реакторду ишке киргизүүнү пландап жатабыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков