Роза Багланованын мааракеси ЮНЕСКО масштабында белгиленет

Роза Багланованын мааракеси ЮНЕСКО масштабында белгиленет

Легендарлуу ырчы Роза Багланованын мааракеси ЮНЕСКОнун деңгээлинде белгиленет. Советтик жоокерлерди шыктандырган, от менен ок астында ырдаган легендарлуу инсандын туулганына быйыл 100 жыл.

Көзү тирүү кезинде ырчы 100дөн ашык мамлекетте концерт берип, 25тен ашык тилде ырдаган. Роза Тажыбай кызынын репертуарында казактын элдик ырлары, азыркы композиторлордун чыгармалары жана орус, өзбек, тажик, украин, грузин, азербайжан, кыргыз, монгол, чех, венгер, кытай, корей, индия, швед элдеринин ырлары болгон. 1947-1949-жылдары Казак опера жана балет театрынын, 1949-1960-жылдары Казак филармониясынын, 1960-жылдан Казак концертинин ырчысы болгон.

Жеңис Сейдоллаулы, «Казакконцерт» мамлекеттик концерттик уюмунун мүдүрү:

- Чоң концертке даярдыктар жүрүп жатат. Ал мындан ары да фестиваль, республиканын мыкты сахналарында жакшы спектакль болуп кала берет. Кызылорда шаарында Роза Багланованын эстелиги ачылат. Биз өзүбүздүн чыныгы булбулубузду даңазалашыбыз керек.

Которгон: Илгиз Жамалбеков