Comic Con Astana эл аралык фестивалы аяктады. Бул жолу масштабдуу иш-чара дүйнөгө комикс, кино, видео оюндар жана аниме багытындагы жаңы чыгармаларды тартуулады. Ата мекендик чыгармалар элдин калың катмарына кирген жаңылыктардын арасында аз болгон жок. Гик маданиятын жайылткан салттуу иш-чара чыгармачылык индустриянын өнүгүшүнө чоң салым кошот. Бул тууралуу фестивалдын башкы уюштуруучуларынын бири “Галактиканын сакчыларынын” жылдызы Майкл Рукер каналга берген эксклюзивдүү маегинде билдирди.
Майкл Рукер, Актёр, Comic Con Astana, хедлайнери:
-Комикстердин каармандарына компьютердик графика жана атайын эффекттер
аркылуу жашоо берип, кино дүйнөсүнө жаңы нерселерди алып келе алабыз. Азыр кино
тартуу тармагында бул багытта жылыштар байкалат. Башкача айтканда, укмуштуудай
каармандарга, таланттарга суроо-талап күчөдү. Бирок, салттуу кино өндүрүшү
унутта калбай турганы талашсыз. Актерлор, режиссёрлор, жазуучулар замандын
агымынан калбай, өз багытында иштеп келишет.
Бул кийинки Comic Con учурунда белгилүү болду. Бүгүнкү күндө укмуштуу окуялардын баатырларынын көптөгөн түрлөрү бар. Буга иш-чаранын алкагында уюштурулган Комикс авторлор аллеясында ынандык. Жалпысынан 150 автор оригиналдуу эмгектерин тааныштырды. Алардын арасында мен бул жерден көргөн казакстандык чыгармалардын катары калың экен.
Айгерим Абдраманова, анимациялык студиянын продюсери:
-«Адамтас» жана «Жаштык чак» деген эки комикстин бет ачары. Казак жана
англис тилдеринде. Басылманы биз Comic Conго атайын алып келдик. Аны жакында онлайн чыгарабыз.
Рустем Сламхан, киностудиянын маркетинг боюнча мүдүрү:
-Азыр «Өткөн чактын баатыры» деген тасма тартып жатабыз. Учурда ал
өндүрүштө. Ал ушул жылдын бештин айында чыгат. Буга байланыштуу биз комикс
чыгаруудабыз.
Жергиликтүү комикс сүйүүчүлөр коомчулугу бул жерден дүйнөлүк бестселлерлердин казак тилиндеги котормолорунун түр-түрүн таба алышат.
Аблай Султан, басмакананын котормочусу, сүрөтчү:
-Биз казак коомчулугуна түшүнүктүү болуш үчүн дүйнөлүк көп басылып
чыгарылган китептерди казак тилине кооз которуп жаткан компаниябыз. Жакында
Гарри Поттердин бардык 7 бөлүгүн толугу менен казакчаладык. Алар чоң суроо-талапка ээ.
Comic Con Astana - гик маданиятына болгон кызыгуунун дагы бир мисалы. Борбор калаа фестивалынын масштабы быйыл бир аз кеңейип, анын аймагына 70 миң көрүүчүнү чогултту. 4 жыл мурун алардын саны 20 миңге аз болчу.
Которгон: Илгиз Жамалбеков