Саясий серепчилер азыртан эле аларга багытталган реформалар каржылык-өндүрүштүк топтордун, ири бизнестин жана олигархтардын белгилүү бир бөлүгү үчүн күтүүсүз болду деген пикирлерин билдиришүүдө. Саясат таануучу, Евразиялык интеграция институтунун мүдүрү Уразгали Селтеевдин айтымында, Касым-Жомарт Токаев мажилисте сүйлөгөн сөзүндө Казакстандын экономикасынын өнүгүшүнө тоскоол болгон көйгөйлөрдү белгиледи.
Уразгали Сельтеев, саясат таануучу, Евразия интеграция институтунун мүдүрү:
- Анын ичинде ЛРТнын курулушу, ЭПР маселеси, таштандыларды чогултуу. Бул түздөн-түз адамдарга таасир этип келген. Бул жөн гана ар бир адамдын күнүмдүк турмуш-тиричилигине, жашоосуна таасир эткен тарифтердин эбегейсиз адилетсиз өсүшү болгон. Бул унааларга, транспорт каражаттарына, батирге, турак жайга тиешелүү. Биз чечкиндүү кадамдарды башташыбыз маанилүү, жарым-жартылай чара көрүү убактысы бүттү, эми бардык жерде кардиналдуу кайра түзүүлөр башталат. Бул жөн гана өлкөнү башкарууга болгон мамиледеги чечиндүү кадам.
Которгон: Илгиз Жамалбеков