Казакстандын тарыхын терең түшүнүү, кооз жаратылышты кагаз бетиндеги боёк менен жеткирүү. Бул өлкөдө биринчи жолу өтүп жаткан «Art talk» эл аралык иш-чарасынын максаты. Бурабайдын боорлоруна Казакстан, АКШ, Корея, Монголия жана Өзбекстандын кылкалем чеберлери чогулуп, тажрыйба алмашат. Уюштуруучулардын айтымында, сүрөтчүлөрдүн эмгектери атайын көргөзмөгө коюлуп, улуттук музейге өткөрүлөт.
Назгүл Кадиримбетова, Казакстандын улуттук музейинин мүдүрүнүн орун басары:
- 7 күн бою Бурабай курорттук зонасынын эң кооз жерлери менен экскурсия аркылуу таанышат, өздөрүнө локация тандашат. Ал эми бул плэнер учурунда 7 күн бою Казакстан үчүн чыгармаларын жаратат. Бул долбоордун дагы бир өзгөчөлүгү – 21де жыйынтыктоочу көргөзмө улуттук музей төрүндө уюштурулат. Бул эмгектер улуттук музей фондуна өткөрүлүп берилет.
Джу Гён, сүрөтчү-инсталлятор:
- Инсталяция жасоо үчүн ар кандай нерселерди колдоном. Мисалы, чынжырдан, аркандан, жибектен уникалдуу буюмдарды жасайм. Бул тармакта иштегениме 6 жыл болду. Жакында мен салттуу корей кагазын колдоно баштадым. Бул менин Казакстанга биринчи сапарым. Жаратылышты, маданиятты, тамак-ашты байланыштыруу менен инсталляция жасоону пландап жатам.
Которгон: Илгиз Жамалбеков