Казакстан да бул категорияда. Өлкөнүн ишкердик активдүүлүгүнүн көрсөткүчтөрү бир топ жогорулады. Үстүбүздөгү жылдын 5 айынын жыйынтыгы боюнча ИДӨнүн өсүшү 4,5%ды түздү. Бул тууралуу Сенаттын жалпы жыйынында баяндама жасаган Улуттук банктын төрагасы билдирди. Ошол эле учурда өткөн жылы экономиканын көптөгөн тармактары геосаясий жана логистикалык тоскоолдуктарга дуушар болгонун эске алуу керек.
Галымжан Пирматов, Улуттук банк төрагасы:
2022-жылдын аягында инфляция 20,3%га жетти. Азык-түлүк бааларынын өсүшү инфляциянын өсүшүнө олуттуу салым кошту. Инфляцияны турукташтыруу максатында Улуттук банк инфляциялык таргеттөө режимин сактоо менен деинфляциялык акча-насыя саясатын жүргүзүүдө. 2022-жылы Улуттук банк базалык ченди 16,75%га көтөргөн. Базалык чен менен катар тенгедеги активдердин кирешелүүлүгү да жогорулады.
Галымжан Пирматов акча-насыялык жөнгө салуучу орган жүргүзгөн саясат өлкөдөгү инфляцияны басаңдатат дейт. Өткөн айда республикада баалардын төмөндөшүнүн деңгээли бир кыйла түшүп, 16 пайызга жетти. Алардын ичинен азык-түлүк инфляциясы 16%дын тегерегинде, азык-түлүк эмес товарлардын инфляциясы 17%га жогору, тейлөө чөйрөсүндөгү инфляция 13%дан ашык басаңдады. Инфляциянын басаңдашы жыл аягына чейин, ошондой эле жакынкы эки жылда уланат деп болжолдонууда.
Галымжан Пирматов, Улуттук банк төрагасы:
Азык-түлүккө дүйнөлүк баанын төмөндөшү жана Казакстандын соода боюнча өнөктөш өлкөлөрүндө инфляциянын олуттуу басаңдашы тышкы секторго бааларга кысым көрсөтүүнү бир кыйла алсыратты. Фискалдык шыктандарууга туруктуу ички суроо-талаптын жана жогорку инфляциялык күтүүлөрдүн эсебинен ички факторлордун про-инфляциялык таасири сакталып турат. Жүргүзүлүп жаткан акча-насыя саясаты өлкөдөгү инфляциянын андан ары басаңдашына шарт түзөт. Биздин такталган болжолдорубуз боюнча, жылдык инфляция 2023-жылы 11-14% диапазонунда болуп, 2024-2025-жылдары андан ары дагы түшөт.
Өлкөнүн валюта рыногунда да оң өзгөрүү катталды. Теңгенин курсу өткөн жылы рекорддук чекке чейин алсыраганына карабай, жыл аягына чейин 9 пайыздан ашык чыңдалды. Буга теңге депозиттерин коргоо программасы оң таасирин тийгизгени анык. Аталган долбоордо жеке адамдардын улуттук валютадагы депозиттери үчүн компенсациялоо механизми бекитилген. Натыйжада теңгедеги депозиттер 2022-жылдын аягына чейин 21 триллион теңгеден ашты жана 22 пайызга өстү. Ал эми долларды колдонуу деңгээли дээрлик 32 пайызга төмөндөдү. Казакстандыктар теңгеге ишеним артууну улантууда. Быйыл улуттук валютадагы инвестиция 21,4 триллион теңгеге чейин өстү. Депозиттеги доллардын деңгээли 29,3%ды түздү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков