И.Круш Казакстандын шахмат мектеби тууралуу пикири менен бөлүштү

И.Круш Казакстандын шахмат мектеби тууралуу пикири менен бөлүштү

Америкалык гроссмейстер Ирина Круш шахматты Казакстандын билим берүү программасына киргизүү демилгесин колдой турганын билдирди. «Jibek Joly» телеканалына берген эксклюзивдүү маегинде Ирина казак шахмат мектебинин өнүгүүсү тууралуу ой бөлүштү. Анын айтымында, ата мекендик спортчулардын дүйнөлүк аренадагы ийгилиги өсүп келе жаткан муундарды шыктандырып, көптөгөн жаш оюнчуларды спорттун бул түрү менен профессионалдык деңгээлде алектенүүгө түрткү берет. Кошумчалай кетсек, америкалык конок бүгүнкү күндө шахматчылар биринчи кезекте каржылык колдоого муктаж экенин айтты. Бул жагынан Казакстан катуу иштеп жатат, дейт Ирина Круш. Республика жогорку деңгээлде квалификациялуу адистерди даярдоо менен гана чектелбестен, оюнчуларга эл аралык мелдештерде да колдоо көрсөтүп келүүдө. Мына ушулардын бардыгы Казакстанды дүйнөлүк шахмат оюндарында лидер кылууда.

Ирина Круш, америкалык шахматчы, гроссмейстер:

- Мындан 20 жыл мурун Казакстанда аялдардын шахматы жакшы өнүккөн эмес эле. Салыштырмалуу айтсак, жакында эле сиздер өзүңүздөрдү бүт дүйнөгө тааныттыңыздар. Келечекте Бүткүл дүйнөлүк шахмат олимпиадасы уюштурулганда жеңүүчү командалардын ичинде Казакстанды фаворит катары кароого болот. Анткени өлкөдө Жансая, Бибисара, Динара сыяктуу күчтүү шахматчылар бар. Алар шахматтын алдыңкы сабында экени талашсыз. Менимче, Казакстанда логиканы, интеллектуалдык жөндөмдү өстүрүүчү оюндун дараметин жогорулатуу керек. Сиздерде Казакстандагы шахматчы айымдарга мамлекет тарабынан каржылык колдоо көрсөтүлөрүн билем. Бул абдан маанилүү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков