QR коду бар дипломдор. Казакстандык колледждердин бүтүрүүчүлөрү окууну аяктаганы боюнча ушундай документтерди ала башташты. Окуу-агартуу министрлигинен билдиришкендей, бул иш билим берүү тармагын санариптештирүүнүн алкагында жүргүзүлүүдө. Автоматтык идентификациялоо технологиясын жана маалыматтарды текшерүүнү колдонуу жалган документтерди жасоодон сактайт. Ошол эле учурда алардын аныктыгын иш берүүчүлөр өздөрү текшере алышат.
Алтай Рахимберлин,
билим министрлигинин департамент башчысы:
QR
коду дипломдун аныктыгын текшерүүгө шарт түзөт. Ал мамлекеттик веб-ресурска
шилтеме берет. Анда менчик ээси, окуу жайы тууралуу
маалымат жана мамлекеттин Улуттук билим берүү базасынан документтин чоо-жайы
көрсөтүлөт. QR коддо бүтүрүүчүнүн аты-жөнү, уюмдун аталышы, окуу жайга
кабыл алынган жылы, окууну аяктаган жылы, адистиктин жана квалификациянын
аталышы, окуу жайдын сериясы жана номери сыяктуу негизги маалыматтар камтылат.
Дипломдор электрондук форматта санарип документ сервисинде жана Egov.kz порталындагы мобилдик тиркемеде, ошондой эле экинчи деңгээлдеги банктардын платформаларында жеткиликтүү. Быйыл 140 миңден ашуун колледж бүтүрүүчүлөрү QR коддуу диплом алышат. Ошол эле учурда Окуу-агартуу министрлиги дагы бир жаңылык киргизип жатат. Эми казакстандык бүтүрүүчүлөр мектепти аяктагандыгы тууралуу аттестат менен бирге колледждин дипломун ала алышат. Жаңы билим берүү программасы 10-11-класстын окуучуларына өз мектебинде билим алуу менен бир эле мезгилде колледждерде кесиптик көндүмдөрдү үйрөнүүгө мүмкүндүк берет. Учурда 16 жумушчунун квалификациясы аныкталды. Пилоттук долбоор жаңы окуу жылынан тарта өлкөнүн бардык аймактарында иштей баштайт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков