Нур-Султанда кандай инвестициялык долбоорлор ишке ашууда?

Нур-Султанда кандай инвестициялык долбоорлор ишке ашууда?

Баш калаа Нур-Султанда 87 инвестициялык долбоор ишке ашырылууда. Бул максаттар үчүн 888 миллиарддан ашуун теңге тартылган. Инвестициянын эң көп үлүшү шаардын ири долбоору Абу -Даби Плазага туура келет. Аталган объект ушул жылы пайдаланууга берилери убадаланууда. Айта кетсек, Борбордук Азиядагы эң бийик байкоо имаратынын бийиктиги 300 метрден ашат. Жалпысынан, комплекске 590 миллиарддан ашуун теңге жумшалган. Быйыл 8 ири долбоор бир убакта ишке киргизилет. Алардын ичинде: электр автобустарынын паркы, жаңы орто мектептер, нан азыктарын чыгаруучу завод бар.

Ержан Балтабаев, «Astana Invest» башкармалыгынын төрагасы:

- Биздин шаар жаш жана тез өнүгүп жатат. Өсүү ыргагы боюнча биздин шаар Абу-Даби шаарынын өсүү темпи менен салыштырылат. Калкынын саны өсүп жаткан алдыңкы шаарларга кирет деп айтсак болот. Андыктан инвесторлор инвестиция салуучу кыймылсыз мүлк, курулуш жана өнүктүрүү тармактары келечектүү багыттар болуп саналат. Инвесторлор үчүн аздыр-көптүр кызык болгон экинчи багыт - бул транспорт жана логистика. Биздин өлкөдө мына ушундай абдан мыкты долбоорлор ишке ашырылууда.

Билим берүү тармагына да чоң акча салынууда. Азыркы тапта 100 миллиард тенгеден ашуун 44 долбоор ишке ашырылган. Айта кетчү жагдай, бул тенденция кандайдыр бир себептерден улам өнүгүүдө. Келерки жылга чейин окуучулардын саны 25%га көбөйөрү күтүлүүдө. Планга ылайык, 38 миң кошумча жана мектепке чейинки балдар үчүн дээрлик 5 жарым миң окуучулардын орундарын түзүү каралган. Сингапур, Малайзия, Бириккен Араб Эмираттары жана Бахрейн Королдугунан келген инвесторлор буга чейин бир нече долбоорлорду жүзөгө ашырышкан.

Ержан Балтабаев, «Astana Invest» башкармалыгынын төрагасы:

- Тармактар боюнча өзүнчө мыйзам чыгаруу демилгелери, билим берүү сыяктуу эле жан башына каржылоо системасы киргизилген. Өкмөттүн мындай чечими, анын ичинде билим берүү министрликтери, көптөгөн ишкерлерди билим берүүгө бизнес-долбоор катары көңүл бурууга түрткү болду. Социалдык долбоор катары гана эмес, бизнес-долбоор катары.

Ошондуктан, азыр биздин долбоорлордун ичинен бүгүнкү күндө болжол менен 35 долбоор билим берүүдөгү багыт болуп саналат.

Белгилей кетсек, Нур-Султан инвесторлор үчүн эң жагымдуу шаарлардын бири. Өткөн жылы эле триллион тенгеден ашык инвестиция тартылган. Анын үстүнө бардык инвестициялардын 81% чакан жана орто бизнестен келет. Адистердин айтымында, бул дагы чек эмес. Анткени жыл сайын жагымдуу тармактардын портфели жана чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмү кеңейүүдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков