Бул тууралуу өкмөттүн шаардын социалдык жана инженердик инфраструктурасын модернизациялоо маселелери боюнча өткөн жыйынында сөз болду. Тагыраак айтканда, жылуулук берүү линиялары реконструкцияланып, суу насостук станция курулат. Кеңеште ошондой эле шаардын айрым аймактарын газ менен камсыз кылуу, үч өнөр жай аймагынын инфраструктурасын куруу, мунай иштетүүчү заводдун айланасында мунай чийки затын кайра иштетүүчү өндүрүштөрдү түзүү, соода-логистикалык борборду кеңейтүү маселелери каралды. Буга кошумча түштүк аймактык хабын түзүү, инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жер участокторун өткөрүп берүү механизмин өркүндөтүү каралды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков