Казак десантчылары Гималайды
багындырышты. «КазИнд-2024» эл аралык машыгууларында курал-жарак техника жана
парашют менен секирүү боюнча Балжан Мусатаева менен Маржан Сайранова эң жакшы
жыйынтык көрсөтүштү. Кыздар 3200 метр бийиктиктен берилген аянттын ортосуна
конушту. Белгилей кетсек, машыгуулар аяк оона айынын 30нан тогуздун айынын 13не
чейин өтөт. Аларга Казакстандын Куралдуу күчтөрүнүн кургактагы жана абадан
чабуул коюучу күчтөрүнүн «Түштүк» аймактык командачылыгынын курама ротасы
катышууда.
Маржан Сайранова, 61993 аскер
бөлүгүнүн материалдык-техникалык камсыздоо взводунун санитардык инструктору:
- Бул жердеги эл аралык машыгууларда парашют менен секирүү деген чоң
кыялымды ишке ашырдым. Деңиз деңгээлинен 600дөн 4 миң
метрге чейинки бийиктиктен ар кандай типтеги парашюттук системалар менен 50дөн
ашык жолу секирдим. Биз азыр Индиядагы машыгууларда өнөрүбүздү көрсөтүп
жатабыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков