Франциядагы Чыгыш тилдери жана цивилизациялары университетинин студенттери эми казак тилин үйрөнүшөт. Аталган чет элдик жогорку окуу жайда эми эки жылдык тыныгуудан соң кайрадан кошумча тил курсу ачылат. Ошентип, казак тили университетте окутула турган 105 тилдин катарына кирет. Белгилей кетсек, ушул тапта казак тилин үйрөнүүнү каалаган студенттер ондоп саналат. Тил - маалымат булагы. Франциянын Казакстандагы өкүлчүлүгү мындай кадамды Борбордук Азия чөлкөмүнө жана жалпы эле Казакстанга жаштардын кызыгуусунун өсүшү менен байланыштырат. Көбүнесе аймактын терең тарыхы жана бай маданияты өзүнө тартып тургансыйт. Франция билимге умтулган жаштардын билгенин бөлүшүүгө дайым даяр. Жыл сайын ал жердеги жогорку окуу жайларына Казакстандын беш жүзгө жакын студенти кирет. Бул жаатта эки тараптын биргелешкен стипендиялык программаларынан пайдаланып жаткан өлкөнүн жаштары көп.
Ксамье Ле
Торривеллек, Франциянын Казакстандагы элчилигинин билим берүү тармагындагы
кызматташтык боюнча аттешеси:
- Казакстандык
студенттер Франциянын каалаган жогорку окуу жайына ар түрдүү багыттар боюнча
тапшыра алышат. Эгерде билим деңгээли жогору болсо, анда экономикалык же
инженердик окуу жайларында да керектүү адистикти үйрөнүүгө толук мүмкүн. Тогуздун
айынын 6да Франциядагы Чыгыш тилдери жана цивилизациялары институтунда казак
тили курсу башталат. Казакстандан тышкары казак тилин үйрөтүүчү жалгыз университет
Европада жайгашкан. Мурдагы советтик мейкиндиктеги өлкөлөрдө деле казак тилин
окуткан окуу жайлары дээрлик жок. Мындай уникалдуу мүмкүнчүлүктү биздин
белгилүү INALCO институту гана берет. Бул Франция менен Казакстандын
ортосундагы жылуу мамилелердин жаркын белгиси деп эсептейбиз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков