Казакстан келерки жылы Куала-Лумпур, Сингапур, Токио жана башка шаарларга 17 жаңы аба каттам ачууну пландоодо. Бул тууралуу өкмөттө Транспорт министри билдирди. Марат Карабаевдин маалыматына караганда, азыркы тапта өлкөдө эл аралык аба каттамдары боюнча 28 мамлекет менен 110 багытта рейстер аткарылат. Жалпысынан алдыдагы убакытта тармакты жакшыртуу үчүн инвестиция тартуу көлөмүн 2,4 миллиард долларга жеткирүү мерчемделген. 6 аэропорт мультимодалдык хабга айланат. Буга кошумча, ата мекендик авиакомпаниялардын паркын бир жарым эсеге чейин көбөйтүү каралып жатат.
Марат Карабаев,
Транспорт министри:
- Натыйжада
жакынкы 6 жылда жүргүнчүлөрдүн санын эки эсеге, азыркы 13 миллиондон 26
миллионго чейин жана кайра жүктөлгөн жүктөрдүн көлөмүн 8 эсеге, азыркы 145 миң
тоннадан 1 миллион тоннага чейин көбөйтүүнү пландап жатабыз.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков