Казакстанда жаңы петроглифтер объектиси ишин баштайт

Казакстанда «Аркалан» петроглифтер сейил багы пайда болот. Бул өлкөдө гана эмес, Борбордук Азияда да байыркы символдор темасына негизделген биринчи объект болот. Алматыдагы башкы Ботаникалык бакчада жайгаша турган парк 2600 чарчы метр аянтты ээлейт. Сейил бакта түрк элдеринин петроглифтери, ошондой эле ата-мекендик сүрөтчүлөрдүн жана айкелчилердин интерпретациялары да кездешет. Уюштуруучулардын айтымында, петроглифтер түп нускага абдан окшош. Анын үстүнө бул тарыхый экспозиция Казакстандын талааларында өтөт. Белгилей кетсек, бул саябакты ачуу иштери бир жыл мурун башталган. Объекттин биринчи фазасынын ачылышы аяк оона айынын аягына белгиленген. Бирок сейил бакты толуктоо иштери улана берет.

Ольга Гумарова, «Петроглиф изчилери» коомдук фондунун аткаруучу мүдүрү: 

– Бул идея бизге бекеринен келген жок. Анткени Казакстанда петроглифтер көп. Бирок аларга жетүү кыйын. Ага физикалык жактан чымыр адамдар да оңой менен жете албайт. Биз түрк дүйнөсүн, анын ата-бабаларыбызга таандык болгон объектилер менен образдардын кайра жандандырууга аракет кылдык. Мында дүйнө дарагы менен сыйкырдуу кудук жана генеалогиялык ташы да болот. Бардык казак урууларын билдирген таштар жасалат. Мага «Ата-бабаларыбызга таазим» деген таш өзгөчө жагат. Мындан тышкары, биз алгачкы түрк үйүнүн пайдубалын жасайлы деп жатабыз.

Эске сала кетсек, президент Касым-Жомарт Токаев үчүнчү Улуттук курултайда: «Казакстан бекеринен «Петроглифтердин өлкөсү» деп аталган эмес», - деп билдирүү жасаган. Ошону менен бирге уникалдуу тарыхый эстеликтерди коргоонун маанилүүлүгү да айтылды.

Белгилей кетсек, республикада окумуштууларга белгилүү 300гө жакын ташка чегерилген сүрөттөр жана жүздөгөн  сүрөттөр бар. Анын үстүнө археологдор жыл сайын жаңы символдорду таап жатышат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков