«Баспана Хит» жана «7-20-25» программалары рынокто калат

«Баспана Хит» жана «7-20-25» программалары рынокто калат

Казакстанда «7-20-25» ипотека программасы качан бүтөөрү азырынча белгисиз. Ата мекендик банктар калкка бир триллион чекке чейин насыя берүүнү улантышат. Буга чейин каражат 2022-жылдын аягына чейин берилет деп күтүлүп жаткан. Бирок бул жараян күтүлгөндөн жайыраак жүрүүдө. Ошондуктан, белгилүү ипотекалык насыялоо азырынча улантылат. Бул тууралуу Казакстандын Туруктуулук фонду билдирди.

Белгилей кетсек, үч жылдын ичинде «7-20-25» программасынын алкагында 325 миллиард теңге өздөштүрүлдү. Бул 27 миңден ашуун казакстандыкка турак жай сатып алууга жардам берди.

Ал эми «Баспана Хит» программасына келсек, анын алкагында берилген насыялардын көлөмү беш жүз миллиард теңгеге жетти. Жыйынтыгында 54 миңден ашуун үй-бүлө турак-жай сатып алган. «Баспана Хит» жыл аягына чейин гана иштейт, андагы лимит 600 миллиард теңгени түзөт. Серепчилердин божомолу боюнча, эки мамлекеттик программаны каржылоо аяктагандан кийин, ипотека рыногунда оң өзгөрүүлөр болот. Экономист Арман Бейсембаевдин айтымында, эгерде бул программаларга альтернатива жок болсо, өлкөдө кыймылсыз мүлккө болгон баа 20 пайызга чейин арзандашы мүмкүн.

Которгон: Илгиз Жамалбеков