Жамбыл облусунда мал багуунун өзгөчө заманбап ыкмасы колго алынууда. Аймакта мал чарбачылыгы үчүн кадимки дрон пайдаланылып жатат. Учуучу аппараттын жардамы менен малды абадан жана аралыктан көзөмөлдөөгө болот. Аппараттын жардамы менен үйүнөн 10 чакырым алыстыкта да оттоп жүргөн үйүрдү байкоо кыйын эмес. Заманбап ыкманын жардамы менен малдын жоголуп кетүүсү азайып, эмгек өндүрүмдүүлүгү жогорулады.
Гаухарбек Шонтаев, фермер:
- Түнкүсүн дагы көрүнөт. Мисалы, талааны кайтара турган болсоң, малдын бар-жогун билүү үчүн үстүнөн учурабыз. Анын жардамы менен жырткычтар жакындап калса, үркүтүп жиберебиз. Тартып ала турганы да бар. Видеого да, фотоаппаратка да тартып ала турганы бар. Бул кадимки тик учак сыяктуу.
Которгон: Илгиз Жамалбеков