Казакстанда суу корлорун илимий-талдоо борбору түзүлөт

Казакстанда суу корлорун илимий-талдоо борбору түзүлөт

Казакстанда суу ресурстарынын илимий-талдоочулук борбору түзүлөт. Анын иши өлкөнүн суу чарбачылыгын пландаштыруу, башкаруу жана контролдоо системасын жөнгө салууга багытталат. Экология министрлигинен билдиришкендей, жаңы уюм түзүү Суу кодексинин долбоорунда каралган. Аталган тармактын адистери документти ушул жылдын аягына чейин парламенттин кароосуна киргизет. Адистердин айтымында, ал бир нече багытты камтыйт. Маселен, бул документтин алкагында улуттук комплекстүү башкаруу планы жана суу ресурстарынын улуттук маалыматтык системасы иштелип чыгат. Акыркысы өлкөдөгү суу ресурстарына тиешелүү маалыматтарды киргизүүгө жана жалпысынан жаратылышка кылдаттык менен кароого, жашоонун булагын текке кетирбей, мүмкүн болушунча үнөмдөөгө үндөйт. Ошону менен бирге, жаңы Суу кодексинин долбоорун иштеп чыгууда талдоочулар тиричилик ресурстарын пайдалануу жана аларды коргоо боюнча талаптарды аныктаган бардык ченемдерди, ошондой эле башка тиешелүү мыйзам актыларын карап чыгышты.

Мейрам Арыстанова, жаңы суу кодексин иштеп чыгуу боюнча серепчи:

-Учурда жаңы Суу кодексинин долбоорун иштеп чыгуунун алкагында кызмат көрсөтүүлөрдү так ажыраткан нормаларды иштеп чыгуудабыз. Мисалы, сугат суусун ташууда ким эмнеге жооп берет, жалпы сугат аянттарында аны пайдалануунун тартиби бекитилет. Жерди гидромелиорациялоо боюнча айрым бөлүмдөр киргизилет. Суу кодекси мүмкүн болушунча жаңыланат. Жалпысынан бул чаралар республикада ресурстарды эффективдүү пайдалануу маданиятын түзүүгө багытталган. Бул үчүн биринчи кезекте илимий базабызды чыңдоо зарыл. Азыркы кырдаалды эске алып, жаңы Суу кодексин кабыл алууга убакыт жетти. Климаттын өзгөрүп жатканын эске алсак, бул процессти жөнгө салып, калыбына келтирсе болот.

Которгон: Илгиз Жамалбеков.