Астанада Дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлери Курултайынын XXI Катчылыгы өтөт

Астана дүйнөнүн руханий борбору экенин дагы бир жолу көрсөтөт. Тогуздун айынын 11де Казакстандын борборунда Дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин курултайынын XXI катчылыгы өтөт. Жыйынга Сенаттын төрагасы Маулен Ашымбаев төрагалык кылат. Иш-чарага ислам, христиан, буддизм, иудаизм, даосизм жана синтоизм лидерлеринин катышуусу күтүлүүдө. Алардан тышкары 24 өлкөдөн саясатчылар, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү да келишет. Белгилей кетсек, катчылык 2003-жылы өткөн дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин биринчи курултайынын катышуучуларынын чечими менен түзүлгөн. Бул арада форумдун жумушчу тобу да алмашты. Бул орган жыл сайын съезддин чечимдерин жана токтомдорун ишке ашыруу, күн тартибин бекитүү, жыйындарды уюштуруу жана жыйынтыктоочу документтерди даярдоо менен алектенет.

Болат Сарсенбаев, Конфессия аралык жана цивилизациялык диалогду өнүктүрүү боюнча Н. Назарбаев борборунун башкарма төрагасы:
- Мындан туура 20 жыл мурун биз Астанада дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин курултайын өткөргөнбүз. Катчылык съездден туура бир жылдан кийин болмок. Себеби, Президент былтыркы жыйында дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин курултайында 2033-жылга карата өнүгүү концепциясын түзүүнү тапшырган. Бул алдыңкы 10 жылдын иш планы бар дегенди билдирет. Биринчи долбоорду даярдап, катчылыктын мүчөлөрү менен талкууладык. Ошондой эле, катчылыктын жыйынтыгынын негизинде коммюнике кабыл алынат.

Эскерте кетсек, былтыр Астанада дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин 7-курултайы өткөн. Ага катышуу үчүн дүйнөнүн 50 өлкөсүнөн 100 делегация келген. Дин ишмерлери жана башка саясатчылар пандемиядан кийин адамдардын руханий жана социалдык өнүгүү ойлорун ортого салышкан. Дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин кезектеги - 8-курултайын 2025-жылы өткөрүү мерчемделип жатат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков