Димаш Кудайберген продюсер катары сыйлыкка ээ болду

Димаш Кудайберген продюсер катары сыйлыкка ээ болду

Казакстандык аткаруучу Димаш Кудайберген карьерасында биринчи жолу продюсер катары сыйлык алды. Артисттин жетишкендиги Кытайдын Макао шаарында өткөн Weibo Gala салтанатында белгиленди. Димашка сыйлыкты эл аралык маданий алмашууга кошкон салымы үчүн тапшырышты. Салтанатта ал «Voice Beyond Horizon» долбоорун тартуулап, аны ишке ашырууга катышкан бардык адамдарга ыраазычылык билдирди. Айта кетсек, шоунун финалы жакында телеберүүдөн көрсөтүлөт. Кеченин жүрүшүндө ырчы өзүнүн «Fire» аттуу автордук чыгармасын тартуулап, ага казак тилинде рэп кошумчалады.


Димаш Кудайберген, Казакстан Эл артисти:


Бул сыйлык мен үчүн өзгөчө маанилүү. Себеби, буга чейин мен дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө ырчы катары сыйлыктарга ээ болсом, бул – продюсер катары алган биринчи сыйлыгым. «Voice Beyond Horizon» долбооруна катышкан бардык адамдарга ыраазычылык билдиргим келет. Казакта «жалгыз дарак токой болбойт» деген макал бар. Бул бүтүндөй команданын эмгеги деп эсептейм.


Которгон: Илгиз Жамалбеков