Astana Hub: IT индустрияны өнүктүрүү аянтчасы

Astana Hub: IT индустрияны өнүктүрүү аянтчасы

Заманбап инфраструктура, нетворкинг, салык жеңилдиктери, пиар багытында ар тараптуу колдоо. Мындай мүмкүнчүлүктөргө “Astana Hub” эл аралык технопаркынын катышуучулары ээ. Бүгүнкү күндө уюмда алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн келген сегиз жүздөн ашык ишканалар катталган. Алар жыл сайын атайын акселерациялык жана инкубациялык программаларынан өтүшөт. Акыркы беш жылдыкта 2 миңден ашык адам алардын бүтүрүүчүлөрү болушту. Дагы 15 миңи билим берүү программаларын аяктады.

Асем Төлеген кызы, Astana Hub корпоративдик инновациялар жана санариптик кызматтар кеңсесинин башкы менеджери:

- Хаб 2018-жылдан бери стартаптарды активдүү өнүктүрүп келет. Башкача айтканда, жаңы долбоор баштоо ниети менен бизге келгендер өздөрүнүн демилгесин ишке ашыра алышат. Бардык программалар инвесторлордон каржылоону тартуу үчүн жаңыдан баштаган долбоордон толук жетилген стартапка чейин бөлүнөт. Бул типтеги атайын жасалган программаларга тандоо көп. Алардын баары бекер. Себеби, биз Казакстанда IT тармагын өнүктүрүп, шыктандыргыбыз келет.

Дмитрий Макеев негиздеген компаниянын хаб аймагында жайгашканына эки жылдан ашык убакыт өттү. Ал айти тармагында балдар менен чоңдор үчүн оюндарды жасап чыгарат. Анын ойлоп тапкан түрдүү анимациялык каармандары дүйнөнүн оюн сүйүүчүлөрүнө белгилүү. Воркшоптор менен түрдүү акселерациялык программалар өнүмдүн кеңири жайылуусуна, сатуу көрсөткүчүн тездетүүгө чоң өбөлгө болууда.

Дмитрий Макеев, оюндарды кураштырган компаниянын башчысы:

- Бул биз катышкан биринчи акселерация программасы эмес.  Astana Hub берген билим үчүн абдан ыраазыбыз. Кошумчалай кетсек, дал ушул коворкинг аркылуу башка стартап-долбоорлор менен таанышып, өз ара тажрыйба алмашабыз жана бөлүшөбүз. Ошондой эле, бул рынокко кирүү менен жаңы кардарларды табууга жана өнөктөштүк мамилелерди түзүүгө жардам берет.

Өткөн жылы “Астана Хаб” компаниялары салыктык жеңилдиктердин аркасында жалпысынан 17 миллиард теңгеден ашык каражатты үнөмдөгөн. Андыктан, хаб бардык катышуучулар үчүн максималдуу мүмкүнчүлүктөрдү жана сапаттуу кызматтарды берээрин танууга болбойт - дешет серепчилер.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков