Күрөштөн дүйнө чемпиону Р. Айтмухан эми олимпиада медалын алууга ынтызар

 «Эмки максат — Олимпиада оюндарынын байгеси»! Мындай дымактуу планы менен Казакстандын тарыхында эркин күрөш боюнча алгачкы дүйнө чемпиону Ризабек Айтмухан каналга берген маегинде бөлүштү. Эске сала кетсек, жакында далысы жерге тийбеген балбан Белградда өткөн мелдеште 92 килограмм салмакта дүйнөлүк мелдештин алтын медалын тагынган. Бирок бул тарыхый жеңиш Олимпиада оюндарына катышууга жол бербейт. Анткени бул салмак олимпиадалык мелдештин программасына кирбейт. Белгилей кетсек, Ризабек быйыл күрөш боюнча өлкөнүн гана эмес, дүйнөнүн чемпиондорунун да жогорку баасын алган килемдин чебери. Ал Казакстандын жайкы Спартакиадасынын жеңүүчүсү болду. Кийин Азия чемпионатында күмүш медаль тагынды. Ал максатына жетүү үчүн башка олимпиадалык салмакта жеңишке жеткен жолдорун кайталашы керек.

 Ризабек Айтмухан, эркин күрөштөн дүйнө чемпиону:
- Дүйнө чемпиону болгондо ал жактагы сезим башкача болот. Бирок мекениме кайткандагы сезимди айтып берүү кыйын. Тарыхый жеңиш. 32 жылда болбогон жеңиш. Кийинки планыбыз – олимпиадалык салмакка өтүп, Олимпиада оюндарына жолдомо алуу. Жолдомону алуу оңой эмес. Аны алуу үчүн биринчи кезекте Казакстандын чемпиону болуш керек. Албетте, мен бул мелдешке катышам. Колумдан келгендин баарын жасайм.  Биздин кийинки мелдеш Азия чемпионатындагы финалдык беттеш болуп, анда Олимпиада оюндарына жолдомо ойнотулат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков