Чет жактагы жаштардын биримдиги

Чет жактагы жаштардын биримдиги

Стамбулда түзүлгөн Биримдик уюму чет мамлекеттерге билим издеп келген жаштарды колдоп келет. Бул структура студенттерге чет мамлекетке тез көнүп, билбегендерин үйрөнүүгө жардам берет. Бул уюмга кирген жаштар жергиликтүү коомчулукка казак маданиятын таанытып жүрүшөт.

Аслан Серик, «Биримдик» жаштар уюмунун төрагасы:

- Бир гана Стамбулда эмес, ушул жылдан баштап башка шаарларда филиалдарыбыз иштеп жатат. 4 шаарда: Ялова, Бурса, Сакария, Стамбулда иш уланууда. Жалпы максатыбыз – биримдикти, улутчулдукту даңазалап, бири-бирибизге камкордуктарды, колдоолорду өнүктүрүү, студенттик жылдарды колдон келишинче пайдалуу өткөрүү.

Акерке Кирбаева, «Биримдик» жаштар уюмунун мүчөсү:

- Республика күнүн өткөрдүк. Босфор көпүрөсүндө Казакстандын желегин желбиреттик. Стамбулдагы Башкы консулдуктун колдоосу менен Көз карандысыздык күнүндө иш-чаралар башка шаарларда да болуп өттү. Жакынкы арада Нооруз майрамына карата чоң иш-чара уюштуралы деп жатабыз. Түркияда жаштар арасында футбол жана китеп окуу мелдештерин уюштуруу дагы планыбызда бар.

Которгон: Илгиз Жамалбеков