2025-жылга чейин Казакстан ИДӨнүн энергия сыйымдуулугун кеминде төрттөн бирине, ал эми 2050-жылга чейин эки эсеге азайтышы керек. Азырынча өлкө 14 пайызга жетти. Астанада өтүп жаткан энергияны үнөмдөө боюнча IV эл аралык форумда энергетикалык ресурстардын баасын төмөндөтүү жана бул багыттагы байланыштарды чыңдоо чаралары талкууланды. Ага тармактын адистери, компания жана мамлекеттик органдардын, Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасынын өкүлдөрү катышты. Форумдун катышуучуларынын айтымында, энерго эффективдүү саясатты ишке ашыруунун негизги инструменттеринин бири, 2013-жылы түзүлгөн Мамлекеттик энергетикалык реестр болуп саналат. Бул механизмдин аркасында өнөр жай тармагынын энергия сыйымдуулугу 2 эсеге кыскарган. Бардык практикалык каражаттардын иши тиешелүү мыйзамда белгиленген. Ал мындан 10 жыл мурун кабыл алынган. Бул жылы ага өзгөртүүлөр киргизилди. Алар жаңы ыкмаларды киргизүүнү, анын ичинде энергетикалык аудит тармагында жана энергияны үнөмдөө саясатын ишке ашырууну билдирет.
Бауыржан Смагулов, Казакстандын индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министрлигинин, электр энергетикасын жана энергия үнөмдөөчү өнөр жайын өнүктүрүү институту башкармалыгынын башчысы:
Биздин ишканаларга мурда болбогон энерго менеджерлер киргизилет, мындан тышкары энергияны үнөмдөө боюнча мамлекеттик сатып алуулар да болот, бул да мурун болгон эмес. Анткени энергияны үнөмдөөчү жабдуулар, аппараттардын бардык түрлөрү көп болгон. Бирок биздин мамлекеттик мекемелер, бүгүнкү күнгө чейин алар боюнча мамлекеттик сатып алууларды жүргүзө элек. 2023-жылдан баштап бул мамлекеттик сатып алуулардын бардыгы биздин жашообузга киргизилет, бюджеттик уюмдар үчүн да мурда болбогон ченемдик керектөөлөр кошулат.
Дүйсенбай Турганов, Казакстандын парламент мажилисинин депутаты:
Ушул жылдын жайында азыркы мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизгенбиз. Бул биздин абалыбызды, энергияны үнөмдөө боюнча бардык жоболорубузду алдыга жылдырууга дагы бир жолу мүмкүнчүлүк берет деп ойлойм. Ошондуктан мындай форумдар өткөрүлүп жатканына кубанычтамын. Бул биринчиден, өз ара түшүнүшүүгө, экинчиден, энергияны үнөмдөө жаатында атайын жаңы ыкмаларды жана жаңы сунуштарды колдонууга мүмкүндүк.