Өлкө 59-Эл аралык айыл чарба көргөзмөсүндө ишкердик байланыштарды түзүүнү көздөп жатат. Иш-чара ушул күндөрү Парижде өтүүдө. Мындан тышкары, ата мекендик ишканалар үчүн бул иш-чара заманбап алдыңкы технологияларды көрүү мүмкүнчүлүгү болуп саналат. Казак делегациясы логистика, санитардык сертификаттарды берүү жана башка маанилүү маселелерди жеринде чече алат. Адистердин айтымында, мунун баары ата мекендик дыйкандар эл аралык стандартка жооп берген товарларды өндүрүп, Европага экспортко жөнөтүү үчүн талкууланууда.
Ербол Карашукеев, Казакстандын айыл чарба министри:
- Биз Еврокомиссарлар менен жолугуп, Казакстандан Европага айыл чарба өнүмдөрүн, анын ичинде балык, бал, эт жана сүт азыктарын экспорттоо мүмкүнчүлүктөрүн ачуу маселесин талкууладык. Айыл чарба министрлигинин биринчи максаты – биздин тамак-аш өндүрүүчүлөр үчүн тышкы рынокторду ачуу. Жыйынтыгы жакшы, өз ара түшүнүүчүлүк бар.
Акыркы жылдын ичинде эле Казакстан менен Европанын ортосундагы айыл чарба өнүмдөрүнүн соодасынын көлөмү миллиард долларга жакынды түздү. Казакстан менен Франция үчүн агро өнөр жай тармагындагы өнөктөштүк артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат. Казакстандыктарды европалык айыл чарбасынын негизги жетишкендиктери кызыктырса, француздар аймактын рыногуна жана органикалык азык-түлүк өндүрүүнүн мүмкүнчүлүктөрүнө көз артышат. Мындан тышкары өлкөлөр биргелешкен ишканаларды ачууну көздөп жатышат. Маселен, казакстандык фуа-гра бул жакта эле эмес, коңшу мамлекеттердин рыногуна да чыгарылат.
Бернар Вала, эт азыктарын өндүрүүчүлөр федерациясынын президенти:
- Өнүмдөрдүн белгилүү бир сапатына жетишүүгө мүмкүндүк берүүчү кызматташтыкты түзүү үчүн европалык стандарттарды колдонгон жана өз тажрыйбасын алып келе турган адамдар менен биргелешкен ишканаларды түзүү зарыл. Буга толук мүмкүнчүктөр бар, анткени казакстандык инженерлер менен ветеринарлардын кесипкөйлүк деңгээли абдан жогору.
Которгон: Илгиз Жамалбеков