Казакстанда мейкиндик маалыматтарынын улуттук инфраструктурасы түзүлөт. Сенат өлкөнүн геодезия жана картографиялык ишмердүүлүгүн өнүктүрүүнүн укуктук негизи болгон жаңы мыйзамды кабыл алды. Мындан ары өлкөдө иштеп жаткан объектилер тууралуу маалымат санариптик системанын негизинде бирдиктүү платформага бириктирилет. Башкача айтканда, республиканын аймагында жаңыдан катталган ар кандай курулуш объектилери автоматтык түрдө улуттук мейкиндик маалымат базасына топтолуп, санариптик карта дайыма жаңыланып турат. Белгилей кетсек, азыркы документ 20 жыл мурун кабыл алынган. Ага жараша заманбап тенденцияга ылайык жакшыртуу зарылдыгы эбак эле пайда болгонун адистер айтышат.
Багдат Мусин, Инфраструктуралык өнүктүрүү, инновациялар жана аэрокосмос өнөр жай министри:
Бул инфраструктура өлкөбүздү санариптештирүүдө маанилүү роль ойногон геодезия жана картография тармагынын тарыхындагы биринчи масштабдуу долбоор болуп саналат. Бул долбоор мейкиндик маалыматтарын унификациялоого, өнүктүрүүгө жана актуалдуу кармап турууга, ошондой эле кадастрларды жана маалыматтык системаларды бир маалымат мейкиндигине интеграциялоого мүмкүндүк берет.
Маулен Ашимбаев, Парламент сенатынын төрагасы:
Бул инфраструктура керектөөчүлөрдүн электрондук маалыматтарга жетүүсүн жана аларды натыйжалуу пайдаланууну камсыздайт. Алдыдагы убакытта толук жана конкреттүү мейкиндиктеги геодезия жана картография системалары маалыматты тез иштеп чыгууга, экономика чөйрөлөрүндө жана мамлекеттик башкаруу системасында рационалдуу чечимдерди кабыл алууга оң таасирин тийгизет деп ишенебиз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков