Казакстандык фермерлер чарбада агродрондорду колдоно алышат. Бул үчүн 80 учуучу аппарат сатып алуу мерчемделүүдө. Бул тууралуу Кытай менен келишим түзүлдү. Алар өсүмдүктөрдүн зыянкечтерин изилдөө жана алардын кооптуу ооруларын жер семирткичтер менен дарылоо үчүн алмаштыргыс жардамчы. Атайын дрондор күнү-түнү дебей, ар кандай аба ырайында иштөөгө жөндөмдүү. Чачуучу гаджеттер айыл чарбасындагы чыгымдарды азайтып, өндүрүштүн натыйжалуулугун бир кыйла жогорулатууга жардам берет. Муну дүйнөнүн 100дөн ашуун өлкөсүндө пилотсуз учактарды колдонуунун эл аралык тажрыйбасы далилдеп турат. Өлкөнүн тармактык министрлиги жакынкы келечекте дрондорду импорттоп гана тим болбостон, аларды жеринде чогултуу пландалып жатканын билдирди. Өлкө аймагындагы "Алатау" маалыматтык технологиялар паркында кытайлык компания менен биргеликте алардын өндүрүшүн жөнгө салуу көздөлүүдө. Ал эми жакынкы үч айда дрондорду айыл чарбасына киргизүү боюнча Жол картасы иштелип чыгат.
Алмат Сүйлеменов, Айыл чарба министрлиги
башкармасынын жетекчиси:
- Тараз, Семей, Түркстанда региондук социалдык-ишкер корпорациялар менен агродрондорго кызмат көрсөткөн демонстрациялык жана тейлөө борборлорун ачуу маселеси иштелип чыкты. Ошондой эле Талгар Политехникалык колледжинде, Капланбек айылында жана Семейде аларды башкарган жана чогулткан адистерди окутуу каралган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

