Казакстан «Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнү» глобалдык тазалоо өнөктүгүнө жигердүү катышты. Дүйнөлүк экологиялык иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан 56 миңден ашык адам келди. Жаратылышка камкордук көргөндөрдүн арасында ыктыярчылар, коомдук уюмдар, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана компаниянын кызматкерлери бар. Иш-чаранын алкагында 10 миң гектардан ашык жер таштандылардан тазаланды. Буга байланыштуу Казакстан айлана-чөйрөнү коргоо боюнча эл аралык экологиялык кыймылдардын жигердүү катышуучусу экенин белгилей кетүү керек. Бул багытта Евробиримдик менен тыгыз кызматташтык түзүлдү.
Мачей Адам Мадалански, Европа Биримдигинин Казакстандагы
элчисинин орун басары:
-Биз Казакстан менен бир нече багытта иш
алып барабыз. Анда суу ресурстары, кайра жанма энергия булактары, кайра иштетүү жана экологиялык
таза технологиялар бар. Кошумчалай кетсек, Евробиримдик өлкөгө көмүртектүү
нейтралдуулукка жетүү механизмин киргизүүдө. Бул маселе боюнча да Казакстан
менен иштешебиз. Анткени, мындай тема өлкөдө актуалдуу.
Которгон: Илгиз Жамалбеков