Казакстанда беш заводдун курулушу мерчемделип жатат

Казакстанда беш заводдун курулушу мерчемделип жатат

Казакстанда түстүү жана кара металл сыныктарын кайра иштетүүчү заводдорду куруу пландаштырылууда. Бул тууралуу өлкөнүн Индустрия  жана инфраструктуралык өнүктүрүү министрлиги билдирди. Республиканын беш аймагында бирден долбоорду ишке ашыруу көздөлүп жатат. Башкармалыктын алдын ала эсептөөлөрү боюнча, капиталдык салымдардын көлөмү 250 миллиард теңгеден ашыкты түзөт. Бул заводдорду казакстандык ишкерлер менен бирге Борбор Азия өлкөлөрүнүн инвесторлору да ачары күтүлүүдө. Долбоорлордун биринин өнөр жай цехин ишке киргизүү 2022-жылдын аягына чейин ачылат деп мерчемделген. Ал эми калганы - кийинки жылдары ишке киргизилет. Министрликтин маалыматы боюнча аталган өндүруштөрдүн жалпы кубаттуулугу жылына 3,2 миллион тоннага жакын болот өнүмдорүн түзөт.  

Которгон: Илгиз Жамалбеков