Kids go free: Балдар туризмин өнүктүрүү программасы

Kids go free: Балдар туризмин өнүктүрүү программасы

Өлкөнүн аймактарына учак менен акысыз жетүү. Мындай мүмкүнчүлүк Kids Go Free программасынын аркасында жүздөгөн казакстандык балдар үчүн түзүлдү. Ички туризмди өнүктүрүү долбоору ишке ашырылган алты айдын ичинде Казакстанга туристтик жолдомолордун алкагында 300дөн ашык кичинекей жүргүнчүлөргө бекер авиа билеттер берилди.

Ернур Кенжебеков, «Kazakh Tourism» компаниясынын өкүлү:  

- Программаны ишке ашыруу механизми абдан жөнөкөй. Туристтер туроператорго келип, орун ээлеп коюшат. Ал учурда балдардын авиабилеттеринин баасы алынып салынат. Анткени аны мамлекет субсидиялайт. Башкача айтканда, 2 жаштан 17 жашка чейинки балдар бекер уча алышат. Андан ары туроператорлор туристтик топтомдорду тандап, түзүп, балдардын билеттеринин баасын өз каражаттарынын эсебинен жабат. Ал эми турпакет толук ишке ашкандан кийин «Казактуризмге» арыз жөнөтүшөт. Биз аны 10 күндүн ичинде карап чыгып, тиешелүү каражатты туроператорлорго которобуз.

Программага казакстандык каалаган үй-бүлө катыша алат. Негизги талап – билеттерди долбоорго катталган туроператорлордон сатып алуу керек. Учурда тизмеде 20 компания бар. Ошол эле учурда баланын ата-энеси же чоң ата, чоң энеси, агасы, эже-сиңдиси сыяктуу жакын туугандары бирге болсо гана бекер авиабилет берилет. Муну менен катар, өлкөдө эс алууну каалаган казакстандык үй-бүлөлөр көбүнчө кайсы аймактарды тандашат? Бул суроого жоопту «Казактуризм» компаниясынын өкүлүнөн билели.

Ернур Кенжебеков, «Kazakh Tourism» компаниясынын өкүлү: 

- Акыркы жылдары Актау, Түркестан шаарларына көп көңүл бурулууда. Анткени ал жерлерде чоң туристтик комплекстер курулган. Албетте, жергиликтүү туристтер да ошол аймактарга баргылары келишет. Тенденция биздин статистикада чагылдырылган. Бул эки багытка суроо-талап жогору. Айрыкча колго алынган программанын аркасында Казакстан - туризм бизнесин өнүктүрүү үчүн өкмөттүк деңгээлде Kids Go Free программасын киргизген биринчи өлкө.

Kids Go Free программасына быйыл 350 миллион теңгеге жакын каражат бөлүнгөн. Долбоордун алкагындагы турлардын орточо баасы 350 миң теңге. Тармак өкүлдөрүнүн айтымында, программанын аркасында казакстандык үй-бүлөлөр жол кире билетинин баасынын 30 пайызга жакынын үнөмдөй алышат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков