Казакстанда Балдарды жана өспүрүмдөрдү колдоо жылы дагы эки жыл уланат. Маданият жана спорт министрлиги мындай жакшы демилге балдардын жана өспүрүмдөрдүн китеп окуу маданиятын жана жигердүүлүгүн арттырып, бүгүнкү балдар адабияты жазуучуларынын калыптанышына салым кошот деген ишенимде. Мекеменин маалыматына караганда, пландалган иш-чаралар 2023-жылга чейин созулат. Жалпысынан Балдар адабияты жылынын алкагында коомдук маанидеги 168 китеп басылып чыгып, 492 миң нускада таратылды. Алардын 34ү ата мекендик жазуучулардын чыгармалары. Белгилей кетсек, бардык китептер республиканын китепканаларына бекер таратылды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков