Казакстандыктардын «санариптик» документтери эми популярдуу мобилдик тиркемелерге киргизилди. Буга чейин аларды eGov Mobile тиркемеси аркылуу гана колдонууга мүмкүн болчу. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү, инновациялар жана аэрокосмостук өнөр жай министрлиги билдирди. Платформалардын мамлекеттик тейлөө бөлүмүндө Казакстандын ар бир жараны өзүнүн ID жана айдоочулук күбөлүгүн, эмдөө паспортун, ПЧР-тестинин жыйынтыгын, туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдү жана башкаларды таба алат. Баш-аягы 18 документтен турат. Министрликтин маалыматында, электрондук документтер – түпнусканын альтернативасы. Учурда аларды 10 миллионго жакын адам колдонот. Эске салсак, санариптик документтерди өлкөнүн бардык аэропортторунда жана темир жол станцияларында, ошондой эле экинчи деңгээлдеги банктардан жана нотариустардан кызмат алууда колдонууга болот.
Которгон: Илгиз Жамалбеков