Казак тили глобалдык лингвистикалык коомчулук катарына кошулду. Жаңы казак-англис сөздүгү бүткүл дүйнөлүк Oxford Global Languages долбоорунун бир мүчөсү катары таанылат. Бүгүнкү күндө бул платформа - дүйнөдөгү эң кеңири таралган жана беделдүү желе. Анткени ал 100дөн ашык тилди бир каналга бириктирет. Сөздүк Президент Касым-Жомарт Токаевдин тапшырмасы менен түзүлдү. Бул жыйнакта азыркы заманбап казак жана англис тилдеринин өзгөчөлүктөрү эске алынган. Oxford Qazaq Dictionary курамында 60 миңден ашык сөз бар. Анын ичине маданият, маалымат технологиялары, медицина, экономика, каржы жана соода тармагындагы жаңы котормолор киргизилди. Мындан тышкары, сөздүктө грамматика эрежелери боюнча чакан колдонмо, туура сүйлөө жана орфография, ошондой эле, ишкерлик менен электрондук кат алмашуу боюнча эрежелер кирди. Бул китепти басып чыгаруу үчүн 4 жыл бою өлкөнүн 50дөн ашык тажрыйбалуу тилчилери талыкпай эмгектеништи. Сөздүк 10 миң нускада чыгарылат.
Рауан Кенжехан уулу, «Казак тили»
Эл аралык бирикмесинин президенти:
- Негиз катары биз популярдуу
Оксфорд сөздүктөрдүн түзүмүн, методологиялык технологиясын жана ырааттуулугун
алдык. Себеби, бул сөздүк дүйнөдөгү эң ишенимдүү, беделдүү жана белгилүү сөздүк
катары таанылган. Оксфорд болсо өз алдынча талдоо жүргүзүп, көмөктөштү. Муну
менен катар, биздин тил таануу институту да катышты. Ошондуктан биздин ишибиз
ар тараптуу текшерүүдөн өттү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков