Борбордук шайлоо комиссиясы референдум өткөрүүгө даяр

Борбордук шайлоо комиссиясы референдум өткөрүүгө даяр

Алдыдагы референдумда 11,5 миллиондон ашык казакстандыктар өз позициясын билдиришет. Алардын 11 миңден көбү чет өлкөдө добуш берет. Тышкы иштер министрлиги 52 чет мамлекетте 65 участкалык комиссия түздү. Өз кезегинде Борбордук шайлоо комиссиясы референдум өткөрүүгө даяр экенин билдирди. Комиссиянын төрагасы Нурлан Абдировдун айтымында, Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча жалпы элдик добуш берүүнүн зарыл процедуралары толугу менен даяр. Тиешелүү мекемелер жана компетенттүү органдар, шайлоо комиссиясы жалпы коомчулукка керектүү маалыматтарды беришти. Электрондук системалардын жардамы менен тургундар тизмеде же шайлоо тилкесинде экенин текшере алышат.

Блиц:

- Мен милдеттү түрдө добуш бере алам. Ар бир жаран мамлекет алдындагы жоопкерчилигин сезиши керек. Менимче, өзгөртүү керек. Анын убагы мурда эле келген. Азыр бийлик алмашканына байланыштуу өлкөдө жаңы өзгөрүүлөр болуп жатат. Келечекте баары жакшы болот деп ишенем.

- Кулжа айынын 5де эмне болорун билем. Оң таасирин тийгизиши керек. Жыйынтыгын алдыда көрөбүз.

- Шайлоо участкаларында EXIT POLL болот

Конституцияга өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү боюнча добуш берүү күнү Казакстан боюнча шайлоо участкаларында экзит-полл жүргүзүлөт. Сурамжылоону коомдук активисттер алышат. Алар калктын 7%ын камтууну көздөшүүдө. Алынган маалымат реалдуу убакыт режиминде добуш берүүнүн аралык жыйынтыктарын билүүгө жардам берет. Учурда респонденттерди тандоонун методологиясы аныкталган.

Алибек Тажибаев, Социалдык фонддун долбоордук жетекчиси:

- Биздин оюбузча, шайлоодо эл көп болот. Мындай тажрыйба дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө бар. Буга кошумча мындай өнөктүк казакстандык шайлоочулар үчүн жаңылык эмес экенин да айткым келет. Ошондуктан биз каалаган убакта добуштардын толук санын көзөмөлдөп турууга мүмкүнчүлүгүбүз бар. Ошондой эле биздин фонддун өкүлдөрү Казакстан Республикасынын бардык шаарларында, облустук жана республикалык маанидеги калааларында, борборлордо, жада калса жаңыдан түзүлгөн аймактарда өкүлчүлүк кылат деп ишенимдүү айта алабыз.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков