Астанадагы түрк маданиятын жана мурасын өнүктүрүү талкууланды

Астанадагы түрк маданиятын жана мурасын өнүктүрүү талкууланды

Өзбекстан Түрк маданияты жана мурасы фондуна мүчө болсо, Түркмөнстан анын байкоочусу болуп калды. Бул тууралуу Астанада өткөн Фонддун кеңешинин экинчи отурумунда белгилүү болду. 2025-жылы Казакстан Уюмга төрагалык кылат. Бүгүн өлкө алдыдагы эки жылга карата иш планын сунуштады. Ошентип, республика илимий-таанып-билүүчүлүк жана агартуучулук ишмердүүлүктү алга жылдырууга милдеттенет. Тактап айтканда, Казакстан байыркы Кулан шаарынын музейге айландыруу, тарыхый реконструкциялар, Х кылымдагы алтын китеп - Куран китебин калыбына келтирүү боюнча семинар өткөрөт. Мындан тышкары быйыл Алматыдагы казак улуттук университетинде, Бишкектеги Кыргыз улуттук университетинде жана Стамбулдагы маданий борбордун базасында Түрк маданияты жана мурасы борборлорунун ачылышы күтүлүүдө. Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору Актауда да бир катар маданий иш – чаралар уюштурулат.

 

Актоты Раимкулова, Түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти:

- Биз түрк фольклорчулар симпозиумун, түрк өлкөлөрүнүн реставраторлорунун мастер-класстарын пландаштырып жатабыз. Биздин түрк элдеринин материалдык эмес маданий мурастарын бириктирген фестиваль жана бул ачылыш пландаштырылууда. Ал бүткүл түрк дүйнөсүн бириктирет. Жыл ичинде биз Казакстандын жана бүткүл түрк дүйнөсүнүн материалдык, материалдык эмес маданий мурастарын пропагандалоого багытталган иш-чараларды активдүү өткөрөбүз.

Кыргызстан, Өзбекстан, Түркия жана Азербайжандан келген делегаттар үчүн атайын маданий-маалымат арттыруучу программа даярдалды. Алгач аларды Махмуд Кашгаринин «Диуан лугат ат-түрк» энциклопедиялык сөздүгүнүн 950 жылдыгына арналган эл аралык көргөзмө менен тааныштырышты. Андан кийин аларды китептердин бет ачарына, ошондой эле түрк элдеринин музыкасынын концертине катышуусу пландаштырылган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков