Жалпы улуттук эл каттоонун толук жыйынтыгын 2023-жылдын 1-кварталында жарыялоо мерчемделүүдө. Бул тууралуу Улуттук статистика бюросунун жетекчиси Нурболат Айдапкелов билдирди. Баяндамачынын айтымында, эл каттоо үчүн 3500дөн ашык атайын пункттар жана күнү-түнү 1446 номуру боюнча атайын колл-борбор иштеди. Үймө-үй кыдыруу жараянына өлкө боюнча 25 миңдей адам атайын тартылган. Ошондой эле, Улуттук статистикалык бюронун жетекчиси казакстандыктардын онлайн каттоого катышуусу Европадагы көрсөткүчкө жакындаганын белгиледи.
Нурболат Айдапкелов, Улуттук статистика бюросунун башчысы:
- Эл каттоо калктын бардык категорияларын камтыды. Калктын 42,5% онлайн сурамжылоодон өтүп, ал эми 57,5% үймө-үй кыдыруу аркылуу каттоого алынган. Көрүнүп тургандай, өлкө калкы онлайн каттоого жигердүү катышты. Бюро алынган маалыматтарды иштеп чыгууга киришти жана ушул жылдын бештин айында алдын ала маалыматтарды берүүнү мерчемдеп жатат. Иш-чаралар планына ылайык, эл каттоонун кыскача баяндамасы 2022-жылдын орто ченине белгиленип, 2023-жылдын 1-кварталында эл каттоонун толук жыйынтыгын чыгарууну коздөп жатабыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков