Астанада ири туристтик долбоор пайда болот

Астанада ири туристтик долбоор пайда болот

Ал 2026-жылдын аягында пайда болушу мүмкүн. Бул тууралуу борбор калаанын акимчилигинен билдиришти. Өлкөнүн борборунда үй-бүлөлүк оюн-зоок район түзүлөрү күтүлүүдө. Долбоорго БАЭ компаниясы инвестиция салат. Азыр объекттин долбоору, тиешелүү документтери иштелип чыгып, курулуш баcкычында турат. Көп функционалдуу комплекс Есил районундагы Улуу Талаа проспектиси менен Айтматов көчөсүнүн кесилишинде курулат. Жалпы суммасы 850,5 миллиард теңге болгон комплекстин аянты 300 гектардан ашат. Мындан тышкары, долбоордун алкагында 15 миң чарчы метр аквапарк, балдар аянтчалары, сейил бактар, террасалар, кеңсе жана коммерциялык жайлар, мейманканалар, социалдык жана турак жай инфраструктуралык объектилерди куруу көздөлүүдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков