АКШ 30 жылдын ичинде Казакстан экономикасына 50 миллиард доллардан ашык инвестиция салды

АКШ 30 жылдын ичинде Казакстан экономикасына 50 миллиард доллардан ашык инвестиция салды

АКШ 30 жылдын ичинде Казакстандын экономикасына 50 миллиард доллардан ашык инвестиция салган. Улуттук экономика министрлигинин маалыматы боюнча, бул өлкөгө келген түз чет өлкөлүк инвестициялардын жалпы көлөмүнүн 15%га жакынын түзөт. Бүгүнкү күндө Америка Кошмо Штаттары өлкөдөгү эң ири инвесторлордун бири. Акыркы 15 жылдын ичинде эле эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү 35 миллиард долларга жетти. Учурда өлкөдө 500дөн ашык америкалык компания ийгиликтүү иштеп жатат. Келечектеги кызматташтыктын дарамети казак-америка мамилесине арналган онлайн-конференция учурунда талкууланды. Ага эки өлкөнүн дипломаттары жана серепчилери, АКШнын Соода палатасынын, Казакстандын Улуттук экономика министрлигинин жана Астана эл аралык каржы борборунун өкүлдөрү катышты.

Ержан Ашыкбаев, Казакстандын АКШдагы элчиси:

- Биздин кызматташтык жалпы баалуулуктарга жана өз ара пайдалуу кызыкчылыктарга негизделген. 30 жылдын ичинде казак-америка өз ара достук мамилелери кеңейтилген стратегиялык өнөктөштүккө айланды. Тараптардын кызматташтыгын андан ары тереңдете турган башка аспектилерди кароого мезгил келди. Пандемиядан келип чыккан глобалдык коркунуч жамааттык мамилени талап кылат. Ошондуктан, биз ден соолукту сактоонун глобалдык дараметин өнүктүрүү боюнча АКШ менен өнөктөштүгүбүздү кеңейтүүгө кызыктарбыз. Бул жаатта маанилүү маңызы бар вакциналарды өндүрүү үчүн медициналык материалдарга жана жабдууларга жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга артыкчылык берилет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков