Жапониядагы EXPO-2025 көргөзмөсүндө канат жайган
Түркмөнстандын улуттук павильону келүүчүлөр саны боюнча алдыңкылардын бирине
айланды. Экспозиция ачылгандан бери ал эки миллиондон ашык конок кабыл алган.
Анда өлкөнүн азыркы заманбап социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен катар, бай
тарыхы жана маданий мурасы чагылдырылат. Жаңы алдыңкы чечимдер менен улуттук
нактагы буюмдар үндөшкөн павильондун архитектурасы да келүүчүлөрдүн кызыгуусун
жаратат. Анын курулушунда экологиялык таза материалдар пайдаланылды. Жапониянын
жана эл аралык уюмдардын жогорку даражалуу өкүлдөрү экспозицияны жогору
баалашты. Павильонго болгон мындай кызыгуу эл аралык маданий диалогдун
маанилүүлүгүн айгинелейт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

