Экотуризмди өнүктүрүү аракети

Экотуризмди өнүктүрүү аракети

Казакстанда экохабдарды өнүктүрүү колго алынат. Келерки жылдан тарта өлкөнүн улуттук парктарында жайгашкан визиттик борборлордун аймагында жаратылыш сакчыларын бириктирген скверлер ачылат. Жалпысынан 14 экоклубду түзүү мерчемделип жатканын «Елим-Ай» экотуризм ассоциациясынын жетекчиси Самал Ибраева билдирди. Анын айтымында, экологияга зыян келтирбей, экологиялык туризмди туура багытта өнүктүрүү максатында борборлордун ишине экоактивисттер, илимпоздор, мамлекеттик жана бизнес өкүлдөрү тартылат. Белгилей кетсек, акыркы эки жылда улуттук парктарга бир жарым миллионго жакын адам келген. Серепчилер бул чек эмес экенин, туристтердин агымын көбөйтүү дарамети дагы эле чоң экендигин белгилешет. Бул максатта тармактык бирикме бир катар жаңы демилгелерди сунуштоодо. Ошону менен бирге, экотуризм боюнча өзүнчө мыйзам долбоорун иштеп чыгуу, туристтик объектилерди куруунун уникалдуу жашыл стандарттарын түзүү жана бизнести өнүктүрүү көздөлгөн.

Самал Ибраева, «Елим-ай» Улуттук экологиялык туризм бирикмесинин башкарма төрагасы:

- Биз азыр биринчи кезекте мыйзам чыгаруу ишин бир жолго коюп алышыбыз керек. Анткени ар бир улуттук паркта экологиялык туризмди өнүктүрүү үчүн жөнөкөй инфраструктуралык тармак болушу кажет. Биз бул багытта бизнеске таянабыз. Балдар менен иштөөнү карап жатабыз. Бул жагын да эске алуу зарыл. Бизде ыктыярчылык кызмат бар. Алар менен биргеликте жаңы туристтик багыттарды, иш-чараларды уюштурабыз. Ар бир улуттук паркта бирдиктүү бизнес жараянды түзүшүбүз керек. Ишкерлер менен иштөөдө эл аралык практикадагы жашыл стандарттарга жооп берген бирдиктүү система болууга тийиш. Биз бул багытта алдыга жылууну көздөп жатабыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков