Казакстан IMEX-2022 туристтик көргөзмөсүнө катышууда

Казакстан IMEX-2022 туристтик көргөзмөсүнө катышууда

«Евразиянын жүрөгүндө жолугалы!». Мындай аталыштагы ураан Казакстандын Франкфурт-на-Майне шаарындагы IMEX бизнес-туризм чөйрөсүндөгү эң ири жарманкелердин биринде болду. Быйыл Германиянын борборуна ири туристтик агенттиктердин, авиакомпаниялардын жетекчилери, алдыңкы мейманкана ээлери жана серепчилер чогулушту. 90дон ашык өлкөдөн 3000дей адам келген. Жарманкеге ата мекендик туроператорлор, мейманкана бизнесинин өкүлдөрү жана уюштуруучулар катышты. Алар жогорку деңгээлдеги конгресстерди, көргөзмөлөрдү жана саммиттерди өткөрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Галымжан Сейилов «Kazakh Tourism» АК туристтик өнүмдөрдү өнүктүрүү департаментинин башкы менеджери:

- Маселен, 2019-жылы Казакстан 12 эл аралык иш-чара аркылуу 6 миллион доллардан ашык киреше тапкан. Жакын арада бул көрсөткүчтөргө дагы жетебиз деп ойлойм. Мындан тышкары биздин өлкөгө келүү оңой. Виза боюнча эле эмес, Европа, Азия жана башка мамлекеттерге да каттамдар жолго коюлган. Үчүнчүдөн, бул албетте, инфраструктуранын жеткиликтүүлүгү жана анын баасы боюнча маселелер. Биздин сайттарда Европа шаарларына салыштырмалуу арзан баада буйрутма кылууга болот.

Чет элдик серепчилердин айтымында, Казакстан бизнес туризм үчүн ыңгайлуу өлкө. Быйылкы жылы бир катар чет элдик компаниялар өлкөдө өз иш-чараларын пландап коюшкан.

Йесус Джей Моран, Аткаруучу мүдүр:

- Казакстанда бизнес өкүлдөрү үчүн конференция өткөрүүнү көздөп жатабыз. 40 өлкөдөн 200гө жакын конокторду күтөбүз. Биз бул иш-чараны Казакстанда өткөрүүнү чечтик, анткени сиздердин өлкө Европа менен Азиянын ортосунда жайгашкан. Ошондуктан дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнөн компанияларды чакыруу ыңгайлуу. Белгилей кетсек, биздин өнөктөштөр Европа Биримдигинен гана эмес, АКШдан да келишет. Ишкер жолугушуулардан тышкары Казакстандын эң кооз жерлерине барууну көздөп жатабыз.

Гёкхан Гюлер, Корпоративдик менеджер:

- Казакстанда корпоративдик иш-чараларды өткөрүүнү пландап койдук.  Түркия менен Казакстандын мамилеси жакшы экенин баарына маалым. Андыктан жарандарыбызга бизнес багытын уюштурууга убакыт келди деп ойлойм. Түрктөрдүн көбү Европа өлкөлөрүндө болушкан, бирок кээ бирлери Казакстанга келе элек.

Франкфурттан тышкары Казакстандын туристтик дарамети быйыл дүйнөнүн башка аймактарында – Токиодо, Варшавада жана Лондондо тааныштырылат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков