2050-жылга карата эмгекке жарамдуу калктын саны 3,5 миллионго көбөйөт

2050-жылга карата эмгекке жарамдуу калктын саны 3,5 миллионго көбөйөт

Бул тууралуу өкмөттүн тиешелүү токтомунда айтылды. Божомолдор боюнча, 27 жылдан кийин калктын саны болжол менен 27,8 миллионго жетиши мүмкүн. Ал эми шаарлардын калкы 2 эсеге көбөйөт. 2030-жылга карата эмгек ресурстарынын жылдык өсүшү 100 миңге жакын адамды түзөт. Ошондой эле, комплекстүү планда шаардын калкынын тез өсүшү социалдык маргиналдашуу коркунучуна алып келиши ыктымалдыгы белгиленген. Бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн тиешелүү мекеме эмгек рыногун өнүктүрүүнүн 5 жылдык планын бекитүүнү сунуштоодо.

Которгон: Илгиз Жамалбеков