Казакстандын унаа өнөр жай тармагы жигердүү өнүгүп, өндүрүш рекорддорун жаңыртууда. Үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында эле Казакстанда 140 миллиард теңгеден ашык суммага 20 миңге жакын автоунаа, автобус жана атайын техникалар өндүрүлгөн. Ошол эле учурда, серепчилер ата мекендик автоунаалардын экспорту кыйла өскөндүгүн белгилешет. 2021-жылдын үчтүн айынан жалган куран айына чейин эле 2000ге жакын «Казакстанда жасалган» автоунаа чет өлкөлөргө жөнөтүлгөн.
ЕАЭБ рыногуна чыгуу мүмкүнчүлүгү автоунаа өндүрүүчүлөрдү локалдаштыруу үлүшүн көбөйтүүгө түрткү берет. Бул автомобиль өнөр жайын өнүктүрүүдөгү артыкчылыктуу багыттардын бири.
«Жалган куран айынын аягында Костанай шаарында изоляция борбору өз ишин баштады, анда айыл чарба техникалары үчүн, аны менен катар, 1200дөн ашык автоунаа тетиктери өндүрүлмөкчү. Ошондой эле, чын куран айынын башында Караганды облусунда дөңгөлөктөрдү чыгаруучу заводдун курулушу башталды. Завод республиканын автомобиль өндүрүшүн локалдаштыруу деңгээлин жогорулатууга жана дөңгөлөктөрдүн импортун алмаштырууну камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Ошол эле учурда, өнүмдүн 40% экспорттоо мерчемделүүдө. Мындан тышкары, Костанайда чоюн чыгаруучу заводдун курулушу жүрүп жатат. Бул жерде асма көпүрөнүн картерлерлери, цилиндр блоктору жана кыймылдаткыч цилиндрлери чыгарылат. Өнүмдүн болжол менен 6% экспортко жиберилет», – деп билдирет казакстандык унаа бизнес бирикмесинин өкүлдөрү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков