ЭВФ: 2021-жылы Казакстанда ИДӨ өсөт

ЭВФ: 2021-жылы Казакстанда ИДӨ өсөт

Эл аралык Валюта Фонду өлкөдөгү коронавируска каршы эмдөөнүн жакшы көрсөткүчтөрүн мисал келтирип, 2021-жылы Казакстандын ИДӨ өсүшүн 3 пайыздан 3,2% чейин жакшырарын болжолдоду. Мындан тышкары, фонддун адистери 2022-жылы республиканын экономикасынын өсүшү 4% түзөрүн кошумчалашты.

Ошол эле учурда, фонд Кыргызстан менен Тажикстанда ИДӨнүн өсүшүнүн терс божомолун маалымдады. Талдоочулардын айтымында, ИДӨнүн ушундай эле деңгээли Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндө да сакталат.

«Жакынкы Чыгыш жана Борбордук Азия үчүн 2021-жылга карата божомолдор жалпысынан өзгөрүүсүз бойдон калууда. Бирок пандемиянын жайылышы мезгилинде вакцинанын киргизилишине, туризмге болгон көз карандылыкка, мунай баасынын динамикасына жана иш-аракет жасоого негизделген өлкөлөрдүн ортосундагы олуттуу айырмачылыктарды чагылдырат», – деп айтылат маалыматта.

Которгон: Илгиз Жамалбеков