Казакстандын Темир жол аркылуу жүк жүгүртүүсү 272 млрд тонна чакырымга жетти

Казакстандын Темир жол аркылуу жүк жүгүртүүсү 272 млрд тонна чакырымга жетти

Казакстандын коридорлоруна жүк агымдарын тартуу үчүн терминалдар желеси кеңейип келүүдө. Касым-Жомарт Токаевге бул багыттагы иштер тууралуу «Казакстан темир жолу» улуттук компаниясынын жетекчиси маалымат берди. Нурлан Сауранбаевдин айтымында, Алматы шаарында, Азербайжандын Алят портунда, Венгриянын борбору, Москванын жанындагы терминалдардын курулушу башталды. Ляньюньган порту менен биргеликте Актауда контейнердик хаб куруу иштери колго алынды. Сиань шаарынын кургак портунда Казакстан-Кытай терминалы ишке кирди. Бул Транскаспий маршруту боюнча Кытайдан жеткирүүнү көбөйтүүгө жардам берди. Ошентип, Казакстан-Кытай байланышы аркылуу 32 миллион тонна жүк ташылды. Бул рекорддук көрсөткүч жана 2023-жылга салыштырмалуу 13%га көп. Жалпы контейнер транзити болжол менен 9%га өстү. Ал эми жүк жүгүртүү 272 миллиард тонна-чакырымды түздү.

Нурлан Суранбаев, «Казакстан темир жолу» УК» АК башкарма төрагасы:

- Темир жол долбоорлорун курууга өзгөчө көңүл бурулду. «Достык – Мойынты» участкасындагы экинчи жолдун жана Алматыны айланып өтүүчү жолдун курулушу быйыл аяктайт. Муну менен катар терминалдар курулуп, санариптик чечимдер ишке ашырылууда. Компания Казакстандын транспорттук-транзиттик дараметин өнүктүрүүгө багытталган иштерди улантат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков