«Эйр Астана» авиакомпаниясы 9 миллион теңгеден ашык айып пул төлөйт

«Эйр Астана» авиакомпаниясы 9 миллион теңгеден ашык айып пул төлөйт

Быйыл рейстин кармалышы үчүн 9 миллион теңгеден ашык айып салынды. Бул сумманы Air Astana төлөшү керек. Жарандык авиация комитети авиаташуучуну административдик жоопкерчиликке тартуунун себептери тууралуу айтып берди. Тактап айтканда, жүргүнчүлөрдүн укуктарынын бузулушуна байланыштуу иликтөө иштери жүрүп жатат. Кулжа айынын 5де «Эйр Астана» компания тобуна кирген «Fly Arystan»  авиакомпаниясынын Алматы-Шымкент каттамындагы KS-7105 рейси 15 саат 10 мүнөткө кармалып калган. Бул учурда жүргүнчүлөргө мейманканага жайгаштыруу кызматы көрсөтүлгөн эмес.

«Буга байланыштуу теке айынын 28де аталган авиакомпанияга карата Казакстан Республикасынын администрациялык укук бузуулар жөнүндө кодексинин 567-беренесинин 2-бөлүгү боюнча протокол түзүлүп, ага ылайык 1000 АЕК (3 миллион 63 теңге) өлчөмүндө айып пул салынды. Жалпысынан быйылкы жылы каттамдардын кечигүүсү учурунда жүргүнчүлөрдүн укуктарын бузгандыгы үчүн «Эйр Астана» компаниялар тобу 9 миллион 189 миң теңге өлчөмүндө административдик жоопкерчиликке тартылган», - деп маалымдайт Жарандык авиация комитетинин басма сөз кызматы.

 

 

которгон: Илгиз Жамалбеков