Казакстан менен Германиянын дипломатиялык мамилелеринин 30 жылдыгына арналган майрамдык концерт уюштурулду. Берлин филармониясынын сахнасында ата мекендик музыканттардын аткаруусунда Ахмет Жубановдун, Латиф Хамиди менен Евгений Брусиловскийдин чыгармалары жана казак элдик ырлары жаңырды. Немис коомчулугу казактын домбра, кобыз, жетиген менен аткарылган шедеврлерин угушту.
Айман Мусахаджаева, Казакстандын эл артисти:
- Көрүүчүлөр жылуу кабыл алышты. Улуттук кийимдерди, номерлерди чын ыклас менен кол чабуулар менен тосуп алышты. Бул сахнага чыкканыма абдан кубанычтамын, анткени чоң аудитория, сонун акустика бар. Бүгүн мага Бет Соланын «Жыл мезгилдери» аттуу эки концертин берүү бактысы буюрду. Бул эл аралык оркестрдин бет ачары, концерттин атмосферасы такыр башкача болду.
Эрвин Мунтаниол, Worldphil оркестринин мүдүрү:
- Мен казак музыкасын биринчи жолу 2009-жылы Германияда Казакстандын жылы деп жарыяланганда уктум. Сиздин элдик аспаптарыңызды биринчи жолу ошондо көргөм. Мага музыка абдан жакты, чыгармаларыңыздын ноталары керек деп ойлодум. Мен музыканттарга жөнөтүүнү сурандым. Андан кийин казак стилинде аранжировкаларды жазып, Штутгартта, азыр Берлинде концерттерди уюштура баштадым.
Которгон: Илгиз Жамалбеков