Казакстандык товарлардын ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорту өстү. Өлкө жыл башынан бери 8 миллиард долларга жакын өнүм жөнөткөн. Бул былтыркыга салыштырмалуу дээрлик 12% көп. Бул тууралуу Улуттук статистика бюросу билдирди. Жалпысынан 9 айда Казакстан ЕАЭБ мамлекеттери менен 20,5 млрд доллардан ашык соода жүргүзгөн. Мында биримдик өлкөлөрүнө жөнөтүлгөн товарлар арасында транспорт каражаттары, жабдуулар, химия өнөр жай өнүмдөрүнүн үлүшү басымдуулук кылат. Өз кезегинде Казакстанга май жана өсүмдүк майлары, даяр азык-түлүк товарлары менен металлдар импорттолгон.
Которгон: Илгиз Жамалбеков